Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 16-ноябры № 298
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
2009-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 3-бөлүгү "ошондой эле сайсыз" деген сөздөрдөн кийин
", узун сайлуу (найынын узундугу 400 миллиметрден ашык)" деген сөз ме-
нен толукталсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Сыйлык куралы
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органда-
рында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта турган
офицердик курамдагы адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин Указы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси, тиешелүү
министрликтер менен ведомстволордун буйруктары, ошондой эле чет мамле-
кеттердин мамлекет жана өкмөт башчыларынын, мамлекеттик органдарынын
сыйлык грамоталарынын же башка документтеринин негизинде сыйлык иретин-
де ээлик кылууга бир жолудан ашык эмес берилген курал сыйлык куралы деп
таанылат.
Кортик, кылыч, найы кыска сайлуу тапанча же ата турган ањчылык ку-
рал сыйлык куралы болушу мүмкүн.".
3. 22-статьяда:
1-бөлүктөгү "токтомунун" деген сөз "тескемесинин" деген сөз менен
алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Сайлуу курал менен сыйланган жарандар, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте, ар бир беш жылда контролдук атып
көрүү үчүн ички иштер органдарына куралды берүүгө милдеттүү.
Сыйлык куралын сактоо, алып жүрүү, берүү жана ташуу жарандык ку-
ралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен жүзөгө
ашырылат.
Сайлуу найы кыска куралды жана анын патрондорун сатууга, белекке
берүүгө, алмашууга жана мурастоого жол берилбейт. Ээси каза болгон
учурда сайлуу найы кыска сыйлык куралы аны андан ары колдонуу жөнүндө
маселе чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат. Сыйлык
куралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн карал-
ган нормалары колдонулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
Шилтеме берет (1)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49