9-берене. Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошумчаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланыштагы материалдарды жана буюмдарды жасоо, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна терс таасир көрсөтпөөгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин талаптарына туура келиши керек. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактануу уюмдары адамдардын ден соолугуна коопсуз болууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202630/st-9" title="9-берене - Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>