# 7-берене. Юридикалык жактардын коомдук саламаттык сактоо жагындагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2013 года № 72 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203880)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278699..1278700>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 7-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-7

---

Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы жөнүндө жана коомдук саламаттык сактоо маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы актылар тууралу маалымат алууга;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыздоо боюнча сунуш киргизүүгө;

- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун натыйжасында ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыянды толук көлөмүндө төлөтүп алууга.

Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;

- аткарылуучу жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыздоого жана өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;

- продукциялардын жаңы түрлөрүнүн жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын саламаттыгына коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте негиздеме берүүгө;

- авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү бузулушу, алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук саламаттык сактоо органдарына жана уюмдарына өз учурунда маалымат берүүгө;

- иш-аракеттери азык-түлүк продуктыларын жана ичилүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналык жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга.

(КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-8)
