# 6-берене. Жеке жактардын коомдук саламаттык сактоо жагында укуктары жана милдеттери

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 6-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-6

---

Жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

- факторлору адамга зыяндуу таасир этпеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;

- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалыматты алууга;

- калктын саламаттыгын сактоо жагында техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контроль жүргүзүүгө;

- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарына калктын ден соолугун сактоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун натыйжасында ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыянды толук көлөмүндө төлөтүп алууга;

- объекттердин канааттандырбаган ал-абалынын, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын маселелери боюнча коомдук саламаттык сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга.

Жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;

- өздөрүнүн ден соолугу, ошондой эле өз балдарынын ден соолугу, аларга гигиеналык тарбия берүү жана окутуу жөнүндө кам көрүүгө;

- башка жарандардын ден соолукту сактоого жана жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-7)
