# 23-берене. Сергек жашоо ыңгайы

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 23-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-23

---

Сергек жашоо ыңгайы - адамдын ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган жүрүм-турум көндүмдөрүнүн жыйындысы. Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын оңчулуктуу, жашоо ыңгайын дурус жагына өзгөртүүгө багытталган умтулууларын калыптандыруу жана колдоого алуу, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга көмөк берүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- сергек жашоо ыңгайын сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнү;

- ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;

- калктын ден соолугун чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;

- психикалык ден соолукту чыңдоону жана психикалык ден соолукка, психикалык жактан оорулууларга карата коомдун мамилесин түздөөнү.

Сергек жашоо ыңгайын киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат, коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан координацияланат.

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-221)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-24)
