Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Сергек жашоо ыңгайы
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Сергек жашоо ыңгайы - адамдын ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган жүрүм-турум көндүмдөрүнүн жыйындысы. Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын оңчулуктуу, жашоо ыңгайын дурус жагына өзгөртүүгө багытталган умтулууларын калыптандыруу жана колдоого алуу, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга көмөк берүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сергек жашоо ыңгайын сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнү;
- ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;
- калктын ден соолугун чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;
- психикалык ден соолукту чыңдоону жана психикалык ден соолукка, психикалык жактан оорулууларга карата коомдун мамилесин түздөөнү.
Сергек жашоо ыңгайын киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат, коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан координацияланат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202630/st-23" title="23-берене - Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>