# 221-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/205393)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278705..1278706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 221-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-221

---

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- санитардык-эпидемиологиялык абалга жана анын өзгөрүү болжолуна ылайык оорулардын алдын алуу;

- санитардык-эпидемияларга каршы (алдын алуу) иш-чараларды аткаруу;

- жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген техникалык регламенттерди, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди сактоосун контролдоо;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө;

- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана жана өндүрүштүк чөйрө объекттеринин техникалык регламенттерге, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин жана Бирдиктүү санитардык-эпидемиологияпык жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар;

- адам үчүн коркунуч келтире турган химиялык жана биологиялык заттарды, продукциялардын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи ирет анын келинүүчү продукциялардын айрым түрлөрүнүн мамлекеттик каттоо;

- социалдык-гигиеналык мониторингди камсыз кылуу;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын жана жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусу, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана алдын ала жүргүзүлүүчү санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;

- жугуштуу оорулардын, эпидемиялардын тез башталып кетишин, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу авариялардын, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюу үчүн эпидфонд резервдерин түзүү;

- калкты гигиеналык окутуу жана тарбиялоо жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-22)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-23)
