# 21-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 07.05.2020 [Закон КР от 7 мая 2020 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении", "О Гражданской защите")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112033)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278705..1278706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 21-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-21

---

Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылып кетүү коркунучу болгондо убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет. Убактылуу чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү төмөнкүлөрдү карайт:

- куралдуу кайтаруу (курчоого алуу) менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантиндин бүткүл зонасын толук өзүнчө бөлүүнү;

- карантин зонасынан калктын чыгуусун жана кирүүсүн жана мүлктүн ташылып чыгуусун катуу контролдоону;

- оору жуккан очок аркылуу автомобиль транспортунун өтүүсүнө жана темир жол транспортунун транзиттик өтүүсүндө бөлүнбөгөн жерлерден тышкары токтоого тыюу салууну;

- обсерваторлорду түзүүнү жана очокто болгон жана карантиндик зонанын чегинен сырткары чыккан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;

- жугуштуу оорулууларды эрте аныктоону, аларды өзүнчө бөлүүнү жана атайын бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууну;

- калктын айрым топторунун ортосундагы байланышта болууну чектөөнү жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин;

- чектөө иш-чараларынын (карантиндин) мезгилинде калк, шаардык транспорттун, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иш объекттеринин иштеши үчүн түзүлгөн эпидемиологиялык жагдайга жараша алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу иш-аракеттердин режимин белгилөөнү;

- эпидемиялык очокто жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын, айыл чарба объекттеринин эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иштөө режимдерин белгилөөнү;

- тышкы чөйрө объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;

- тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылган продукциянын зыянсыздыгына кепилдик берүүчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүүнү;

- шашылыш жана өзгөчө профилактика жүргүзүүнү;

- калк, ишканалар, министрликтер жана ведомстволор тарабынан карантиндин белгиленген эрежелеринин аткарылышын катуу контролдоону;

- калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;

- адамдардын жана транспорттун жүргөн негизги жолдорунда оору жуккан очоктун периметри боюнча күзөт постторун коюу, күзөт постторунун ортосунда күнү-түнү кайгуулга чыгуу, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын кыймылын катуу контролдоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл ичиндеги жолдорго, чыйыр жолдорго жана д.у.с. постторду коюу жолу менен карантиндик аймакты күнү-түнү куралдуу кайтарууну (курчоого алууну);

- тамак-аш өнөр жайын, саламаттык сактоо системасын ж.б. иштешин камсыз кылуучу адамдарды жана транспорт каражаттарын кошпогондо, карантиндик зонадагы карантин киргизилген калктуу конуштардын ортосунда жана ичинде калктын жана транспорттун кыймылына тыюу салууну;

- массалык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды ж.б.) өткөрүүгө тыюу салууну, базарларды жабууну;

- чарбалык жана башка иштин өзгөчө режимин жана калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караган башка чектөө иш-чараларын.

Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү жана жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2020-жылдын 7-майындагы № 52, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-22)
