# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 мая 2020 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении", "О Гражданской защите")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112033)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.05.2020 [Закон КР от 7 мая 2020 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении", "О Гражданской защите")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112033); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/205393); 16.05.2013 [Закон КР от 16 мая 2013 года № 72 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203880)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278704..1278705>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 2-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-2

---

Адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн артуусун жана сырткы таасирлерге болгон каршылыгынын жогорулоосун чагылдырган жандуу организмдин өзгөрүлмө сырткы чөйрөнүн шарттарына карата ыңгайланышуу процесстери. Адаптациялык жөндөмдүүлүгү - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрмөлүгүн жана экстрим кубулуштарды кошуп алганда) ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, айкындоо, аларга бөгөт коюу боюнча иш-аракет. Адамдын ден соолугу - тышкы чөйрө менен толук тең салмактуулугун жана ооруга байланышкан кандайдыр бир байкаларлык өзгөрүүлөрдүн жоктугун мүнөздөгөн жандуу система катарындагы адам организминин ал-абалы. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча ден соолук - бул оорунун же дене-күчтүк дефекттердин болбогондугунун ал-абалы гана эмес, дене-күчтүк, руханий жана социалдык толук бейгамчылык ал-абалы болуп саналат. Коомдук ден соолук - калктын же анын географиялык, социалдык же башка белгилер боюнча белгилүү бир топторунун жана жамааттарынын ден соолугу, ал демографиялык көрсөткүчтөр, дене-күчтүк өнүгүүнүн, оорунун жана майыптуулуктун мүнөздөмөсү менен бааланат. Коомдук саламаттык сактоо - бардык кызыкдар болгон тараптардын уюмдашкан күч-аракеттери, калкка, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарга, жамааттарга жана жеке жактарга маалымат берүү аркылуу коомдук саламаттыкты сактоого, оорулардын алдын алууга, адамдын өмүрүн узартууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган иш-чаралардын системасы. чектөө иш-чаралары (карантин) - жугуштуу оорулардын, массалык уулануулардын жайылышынын жана чукул кырдаалдардын алдын алууга, аны андан ары жоюу менен эпидемиялык очокту локалдаштырууну камсыз кылууга багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчүлүк, администратиндик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы. Калктын ден соолугун коргоо - калктын учурдагы жана келечек муундарынын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы. Ден соолукка таасир этүүнү баалоо - калктын ден соолугунун абалынын, саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн жана бүтүндөй алганда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көз карашынан алгандагы белгилүү бир саясатты же программаны жүргүзүүнүн же болбосо конкреттүү кызматтардын же мекемелердин иш-аракетинин тикелей жана кыйыр натыйжаларына комплекстүү баа берүү. Ооруларды профилактикалоо - оорунун пайда болуу жана тарап кетүү коркунучун алдын алууга же төмөндөтүүгө же болбосо анын агымын токтотууга, рецидив жана өтүшүп кетүүнү болтурбоого багытталган иш-чаралар. Профилактикалык иш-чаралар - жашоо чөйрөсүнүн, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн факторлорунун калкка тийгизген зыяндуу кесепеттерин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунун, жайылып кетишинин алдын алууга же аларды жоюуга багытталган уюштуруучулук, администрациялык, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык, адаптациялык жана башка чаралар. Психикалык ден соолук - индивидди чөйрөгө адаптациялоого мүмкүндүк берүүчү орнотуктардын, сапаттардын жана функциялык жарамдуулуктардын жыйындысы. Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген продукцияларды (товарларды) ташып келүүнүн, жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) алып келүүнүн, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) контроль алдындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларындагы же кошулган станциялардагы продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуусунун деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы. Социалдык мобилизация - коомдун бардык негизги секторлору жалпы максатка жетишүү үчүн чогуу аракеттенген пландаштырылган процесс. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынганда калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы. Ден соолукту чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга ден соолукка социалдык, экономикалык, экологиялык факторлордун, жашоо чөйрөсүнүн жана жашоо мүнөзүнүн таасирин сезүүгө мүмкүндүк берүүчү жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларга контролдукту күчөтүүчү процесс. Ушул Мыйзамда колдонулуучу башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын өзүнчө беренелеринде аныкталат. (КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2020-жылдын 7-майындагы № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-3)
