# 19-берене. Жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан аймактарды санитардык коргоо

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/205393)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278705..1278706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 19-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-19

---

Аймакты санитардык коргоо калктын ден соолугу үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана жайылышынын алдын алууга багытталган жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жугуштуу (өзгөчө коркунучтуу) оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда санитардык-карантиндик контроль киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагына коркунучтуу жүктөрдү жана товарларды алып келүү атайын жабдылган жана бул максаттар үчүн арналган өткөрмө пункттарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындай өткөрмө пункттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролду жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча санитардык-карантиндик контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролду жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-18)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-191)
