# 18-берене. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/205393)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278705..1278706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 18-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-18

---

Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө төмөнкү каражаттар аркылуу камсыз кылынат:

- Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык жагдайдын татаалданышына таасир кылуу системасынын ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ылайык жүзөгө ашыруу;

- жугуштуу оору менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;

- эмдөөлөрдүн Улуттук календары боюнча милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын божомолдонгон начарлашындагы эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүү;

- жугуштуу оорулардын профилактикасы боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- малдан жугуучу ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын биргелешип аракеттенүүсү;

- жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-19)
