# 17-берене. Милдеттүү медициналык кароолор

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/205393)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630#diff=1278705..1278706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 17-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-17

---

Жугуштуу жана кесиптик оорулардын келип чыгышынын жана жайылышынын алдын алуу максатында иши тамак-аш азыктарын жана ичилүүчү сууну жасоо, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан, эмгек шарттары ден соолукка зыяндуу иштерде иштеген кызматкерлер жумушка орношордо алдын ала жана андан кийин мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү. Милдеттүү медициналык кароодон өтүүгө жаткан кесиптердин тизмеги, текшерүүнүн көлөмү жана милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнүн, эсепке алуунун, отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Кызматкерлерди өз убагында медициналык кароодон өткөрүү жана алардын иштөөсүнө уруксат берүү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт. Балдарды, өспүрүмдөрдү жана эресеге жеткен адамдарды профилактикалык медициналык кароодон үзгүлтүксүз өткөрүп туруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-18)
