# 12-берене. Аба чөйрөсүнүн коопсуздугу

- Документ: [Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4024/edition/1278699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202630/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 12-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-12

---

Өндүрүштүк жайларда жана өнөр жай аянттарында, турак жайлык жана коомдук имараттарда, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлерде жумушчу зонасынын аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир көрсөтпөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек. Калк жайгашкан жерлердеги атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана азайтуу боюнча чараларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга жараша ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202630/st-13)
