# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 93 ""Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эксперттик комиссиясы жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 93 ""Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эксперттик комиссиясы жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1279/edition/896980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 93 ""Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эксперттик комиссиясы жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" (13.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20263

---

КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 13-августундагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-майы № 93 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эксперттик комиссиясы жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу Туруктуу жана узак мөөнөттүү сактоодогу документтердин баалуулугун экспертизалоо жана илимий-техникалык жактан иштетүү, ошондой эле документтерди даярдоо жана өз учурунда Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине берүү, документтерди пайдаланууну уюштуруу, архивдин илимий-маалымкат документация системасын түзүү жана өркүндөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президенти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун" тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эксперттик комиссиясы жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине жөнөтүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
