1-берене
Күчүндө · 03.04.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2025 года № 68
Айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилсин. Мораторий төмөнкү сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт:
1) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге;
2) көрүстөнгө бөлүнгөн жерлерге;
3) жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
4) аскердик, чек аралык объекттерди жана заставаларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
5) чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана 110 кВдан 500 кВга чейинки чыңалуудагы жогорку вольттуу электр чубалгыларды, 110 кВдан 500 кВга чейинки көмөк чордондорду курууга бөлүнгөн жерлерге;
6) газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге;
7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларды курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоп-түзөөгө бөлүнүүчү жерлерге, ошондой эле жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды курууда зарыл болгон инерттүү материалдарды казып алуу үчүн арналган жерлерге;
8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, саркынды сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу жана суу чарба курулмаларынын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;
9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге;
10) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында бөлүнгөн жерлерге;
11) Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым чек арага жакын аймактарынын жерлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) үчүн бөлүнгөн жерлерге. Ушул чек арага жакын аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлөт;
12) жер мунапысына туура келген жер участокторуна;
121) көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүчү жерлерге;";
122) шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерге. Шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерди которуунун (трансформациялоонун) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
13) (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууга бөлүнүүчү жерлерге.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер жерлердин башка категорияларына которулушу же башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерге, жерлердин түрлөрүнө которууга жол берилбейт. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жер участокторун которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары бар жер участокторуна;
2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербеген жер участокторуна;
3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна;
4) сот, ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилген жер участокторуна.
(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 53, 2012-жылдын 8-майындагы № 49, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 48, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 164, 2015-жылдын 17-июнундагы № 133, 2015-жылдын 30-июлундагы № 205, 2016-жылдын 18-июлундагы № 119, 2017-жылдын 18-январындагы № 3, 2017-жылдын 14-октябрындагы № 174, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 7-мартындагы № 33, 2019-жылдын 26-мартындагы № 38, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 , 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 апреля 2025 года № 68 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 января 2025 года № 7 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 ноября 2020 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков", Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2019 года № 38 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 марта 2019 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории и виды угодий")"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 10 өзгөртүү - документтин толук текстинде
03.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн бөлүнгөн жерлерге;
7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль алынып салынды: жолдорду кошулду: жолдорун жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, алынып салынды: эстакадаларда курууга кошулду: эстакадаларды курууга, реконструкциялоого жана алынып салынды: реконструкциялоого бөлүнгөн кошулду: капиталдык оңдоп-түзөөгө бөлүнүүчү жерлерге, ошондой эле жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды курууда зарыл болгон инерттүү материалдарды казып алуу үчүн арналган жерлерге;
8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, саркынды сууну … 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 , 2025-жылдын 11-январындагы № алынып салынды: 7 кошулду: 7, 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (121)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун А.Дуйшеев айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба…Постановление · 06.10.2023 · № 531
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы…Постановление · 18.09.2019 · № 485
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл…Постановление · 24.09.2021 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун А.Дуйшеев айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба…Постановление · 06.10.2023 · № 530
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районунун Шекер айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба…Постановление · 09.01.2018 · № 9
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба…Постановление · 26.08.2021 · № 151
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба…Постановление · 19.10.2021 · № 225
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 4-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 04.03.2022 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12 июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 12.07.2022 · № 383
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 12.08.2022 · № 452
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол жана Кызыл-Октябрь айыл аймактарында…Постановление · 03.10.2022 · № 543
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан…Постановление · 23.06.2023 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан…Постановление · 13.09.2023 · № 465
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 23.11.2023 · № 617
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 25.02.2023 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 26.01.2024 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыгынын аймагындагы жер участокту…Постановление · 25.01.2025 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагында жайгашкан жер…Постановление · 14.02.2025 · № 72
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы…Постановление · 20.07.2016 · № 408
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 729 "Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында жана Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Жакенди, Кашка-Суу айыл аймактарында…Постановление · 22.10.2015 · № 729
121 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.04.2022 · № 22
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202627/st-1" title="1-берене - Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>