# 8-берене. Каттоонун мөөнөттөрү

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237784..1237787>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 8-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-8

---

1. Ушул берененин 2- жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

2. Саясий партияларды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) кошпогондо, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

"Өткөөл" банкты түзүүдө аны мамлекеттик каттоонун тартиби жана мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

3. Саясий партияларды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайрадан каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

4. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иш-аракетин токтотууну каттоо 7 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-9)
