# 7-берене. Мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) ырастоочу документ

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237782..1237783>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 7-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-7

---

1. Тапшырылган документтердин ушул Мыйзамда каралган тизмекке ылайык келишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилет. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) фактысын күбөлөндүргөн документ болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк финансы-кредит мекемелеринде эсеп ачуу үчүн негиз болуп эсептелет.

Банктык жана башка финансы-кредиттик мекемелерге эсептешүү эсептерин ачууда юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка кандайдыр бир документтерди талап кылууга тыюу салынат. Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мөөргө жана (же) штампка ээ болууга укуктуу, аларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук фирмалык аталышы, ошондой эле мыйзамдарда каралган бөлөк реквизиттери камтылышы керек.

3. Финансы-кредит мекемелери юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) эсептешүү, насыялык, валюталык жана башка эсептери ачылган, өзгөргөн, жабылган учурда алар жайгашкан жердеги салык органына 5 жумушчу күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

4. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк жоголгон (бузулган) учурда, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) тиешелүү каттоочу органга анын дубликатын алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Каттоочу орган мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү "дубликат" деген белги менен, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин арызынын негизинде, 3 жумушчу күндүн ичинде берет.

(Абзац КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-8)
