# 6-берене. Каттоого алууда документтерди тапшыруу тартиби

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 132 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/203940); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237781..1237782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 6-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-6

---

1. Каттоого алууда документтерди каттоочу органга арыз ээси тапшырат. Мыйзамдарда каттоо үчүн документтерди тапшыруунун башка жолдору каралышы мүмкүн.

2. Төмөндөгү жактар арыз ээси катары чыга алышат:

- юридикалык жак түзүлүп жатканда анын уюштуруучусу (уюштуруучулар);

- юридикалык жактын аткаруучу органынын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси же болбосо филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүчүнүн жетекчиси;

- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (жоюучу);

- ишеним каттын негизинде аракет кылган башка жак.

3. Арыз ээси каттоочу органга түзүлүп жаткан юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышын алдын ала текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышын алдын ала текшерүүнүн тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) өз фирмалык аталыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде тийиштүүлүгүнө жараша кыргыз, орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш.

4. Каттоо арызына арыз ээси колтамга коёт. Каттоо арызынын формасы жана анын мазмунуна карата коюлуучу талаптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Каттоого алууда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) документтери каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.

6. Каттоого алууда арыз ээси тапшырган документтерди эсепке алуу жана сактоо каттоочу орган тарабынан камсыз кылынат.

7. Каттоого алууда ушул Мыйзамда каралгандан башка кандайдыр бир документтерди жана маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

8. Улуттук банк лицензиялоочу жана (же) жөнгө салуучу финансы-кредиттик мекемелердин жана башка мекемелердин (мындан ары - финансы-кредиттик мекемелер), коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтерин кошпогондо, устав, уюштуруу келишими жана жобо каттоочу органга тапшырылууга жатпайт.

9. Коммерциялык уюм өзүнүн иш-аракетин типтүү уставдын же коммерциялык уюм өз алдынча иштеп чыккан жана бекиткен уставдын негизинде жүзөгө ашырууга укуктуу.

Коммерциялык уюм типтүү уставды колдонгон учурда чечимде катталуучу (кайра катталуучу) коммерциялык уюм өзүнүн иш-аракетин типтүү уставдын негизинде жүзөгө ашырышы белгиленет. Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.

10. Эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруу документтеринин мазмуну мыйзамдарга ылайык келбесе, уюштуруучу (катышуучу) алардын милдеттенмелери боюнча жооп берет. Уюштуруу документтеринин мазмуну мыйзамдардын нормаларына карама-каршы келген учурда мыйзамдардын нормалары колдонулат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2013-жылдын 11-июлундагы N 132, 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-7)
