# 4-берене. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 4-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

2. "Бирдиктүү терезе" принциби өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) салык, статистика жана Социалдык фонд органдарында каттоого алуу жана эсепке коюу менен бир учурда ишке ашырууну;

- каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИСН) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары - ИУЖК) кодун ыйгаруу менен, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүүнү.

3. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин салык, статистика, Социалдык фонд органдарында кошумча каттоо жана эсепке коюу талап кылынбайт.

4. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) камсыз кылуу максатында каттоочу органдын салык, статистика органдары, Социалдык фонд, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-5)
