4-берене. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
4-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 4-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
2. "Бирдиктүү терезе" принциби өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) салык, статистика жана Социалдык фонд органдарында каттоого алуу жана эсепке коюу менен бир учурда ишке ашырууну;
- каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИСН) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары - ИУЖК) кодун ыйгаруу менен, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүүнү.
3. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин салык, статистика, Социалдык фонд органдарында кошумча каттоо жана эсепке коюу талап кылынбайт.
4. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) камсыз кылуу максатында каттоочу органдын салык, статистика органдары, Социалдык фонд, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202621/st-4" title="4-берене - Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>