# 21-берене. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту жокко чыгаруу. Каттоодон баш тартуу

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2021 [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330); 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237788..1237789>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 21-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-21

---

1. Арыз ээси мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде алышы керек. Эгерде, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбаса, каттоочу орган өзүнүн буйругу менен мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту жокко чыгарууга жана тапшырылган документтерди арыз ээсине кайтарып берүүгө укуктуу.

Каттоочу орган мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту жокко чыгаргандыгы тууралу салык, статистика, Социалдык фонд органдарын кабарлоого милдеттүү.

2. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тиешелүү документтер тапшырылбаганда;

- мамлекеттик реестрде толук жана (же) кыскартылган окшош фирмалык аталышы менен катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) бар болгондо. Толук же кыскартылган фирмалык аталышы окшош деп башка катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) толук же кыскартылган фирмалык аталышына бардык элементтери боюнча ырааттуу түрдө дал келгендик түшүнүлөт, Толук же кыскартылган фирмалык аталышта символдорду, тыныш белгилерин жана цифраларды колдонуу анын окшоштугун жокко чыгарбайт;

- тапшырылган документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда;

- документтерди тийиштүү эмес каттоочу органга тапшырганда;

- финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тапшырылган документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;

- чечимде ушул Мыйзамда каралган маалыматтар жок болгондо;

- эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышы жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча кодулоо элементтерин, ошондой эле одоно жана адепсиз (уят) сөздөрдү камтыса;

- каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун, тергөөчүнүн, соттук аткаруучунун актысы болгондо;

- юридикалык жактын уюштуруучулары, жетекчилери, арыз ээлери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары чыккан адамдар издөөдөгү адамдардын (улуттук жана эл аралык) тизмесине, Кыргыз Республикасынын жалпы санкциялык тизмегине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жалпы санкциялык тизмегине киргизилгени табылганда;

- ушул Мыйзамда белгиленген иш-аракетти токтотууну каттоо тартиби бузулганда.

Юридикалык жактардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары жөнүндө салык органынан алынган маалымат болгон учурда да иш-аракетти токтотууну каттоодон баш тартылат. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим мыйзамдын нормасына милдеттүү түрдө шилтеме берүү менен, баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.

3. Каттоодон баш тартууга негиз болгон себептерди четтеткенден кийин арыз ээси каттоочу органга кайрадан кайрыла алат.

4. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) түзүлүшү максатка ылайыксыз деген жүйөлөр менен аларды каттоодон баш тартууга жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2015-жылдын 12-майындагы N 93, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-22)
