# 18-берене. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2021 [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330); 01.07.2014 [Закон КР от 1 июля 2014 года № 101 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/205322); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237788..1237789>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 18-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-18

---

1. Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) төмөндөгүлөр өзгөргөндө, чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү:

- жетекчиси;

- жайгашкан жери (юридикалык дареги);

- телефон, факс номерлери жана электрондук дареги;

- чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун жеке жак болгон уюштуруучусунун (катышуучусунун) паспорттук маалыматтары же анын керт башын күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;

- чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун юридикалык жак болгон уюштуруучусунун (катышуучусунун) каттоо маалыматтары;

- жетекчинин паспорттук маалыматтары же анын керт башын күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары.

2. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтары өзгөргөндө каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилген жана алардын жетекчилеринин колу коюлган кабарлама тапшырылат. Мөөр жок болсо, жетекчинин колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

3. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси алмашкан учурда кабардамага жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү тиркелет.

Жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилүүгө тийиш. Мөөр жок болсо, чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

4. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери өзгөргөн учурда кабардамага юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилген чечими тиркелет. Мөөр жок болсо, чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.

5. Каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө салык, статистика жана Социалдык фонд органдарына кабарлайт.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2014-жылдын 1-июлундагы N 101, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-19)
