# 17-берене. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоо

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2021 [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/112330); 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237788..1237789>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 17-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-17

---

1. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

- юридикалык жактын органынын же соттун филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө чечимин;

- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүн;

- (абзац КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- жобонун түп нускасын (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

- каттоо жыйымы төлөнгөнүн тастыктаган документти (маалыматты);

- мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты (алар бар болгон учурда).

Филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү жана (же) штампы болбогон учурда каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө филиалдын (өкүлчүлүктүн) же болбосо юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.

2. (КР 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү.

- иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

- чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалыматты салык органынан электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка жол менен суратып алууга;

- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, иш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

- иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;

- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

4. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну калоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2015-жылдын 12-майындагы N 93, 2015-жылдын 22-майындагы N 115, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-18)
