# 16-берене. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237781..1237782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 16-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-16

---

1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

- филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышынын өзгөрүшү;

- филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын фирмалык аталышынын өзгөрүшү;

- жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон филиалдардан (өкүлчүлүктөрдөн) тышкары филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жеринин өзгөрүшү (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);

- жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, жобону жаңы редакцияда бекитүү (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

- филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын органы же сот тарабынан филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынышы.

2. Филиал (өкүлчүлүк) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып кеткен негиздердин бирөө эле болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде, мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтердин пакетин тапшырууга милдеттүү.

3. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

- юридикалык жактын органынын филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимин;

- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүн;

- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда - кайра катталып жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;

- ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.

Финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) каттоочу органга төмөндөгүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:

- мурдагы жобосун;

- жаңы редакциядагы же болбосо өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жобосун эки нускада.

Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга тапшырат.

4. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде жазылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

- тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук фирмалык аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик кайра каттоо датасын, баштапкы мамлекеттик каттоо датасын жана филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин, филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын толук фирмалык аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

6. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

7. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-17)
