Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199
1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:
- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;
- ушул Мыйзамда каралган башка документтерди.
2. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери;
- юридикалык жактын органынын филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисин дайындоо тууралу чечимин;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүчү юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, юридикалык дареги, каттоо маалыматтары.
Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын органынын жетекчиси колтамга коёт жана юридикалык жактын мөөрү бар болсо аны менен бекитилет.
3. Финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө төмөнкүлөрдү тапшырат:
- филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобону эки нускада;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган финансы-кредиттик мекеменин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн.
Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга тапшырат.
4. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда туура эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
- тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоонун датасын жана филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүп жаткан юридикалык жактын толук фирмалык аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;
- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.
5. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
6. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.
(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202621/st-15" title="15-берене - Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>