# 11-берене. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 15.07.2013 [Закон КР от 15 июля 2013 года № 142 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/203950); 13.12.2012 [Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112549); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 35 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/203635); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 207 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202590)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237781..1237782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 11-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-11

---

1. Ушул берененин 4 - 4-2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо, каттоочу органга төмөндөгү документтер тапшырылат:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызы;

- юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;

- ушул Мыйзамда каралган башка документтер.

2. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышын;

- жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);

- фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен, ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды;

- юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюштуруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;

- аткаруучу органдын жетекчисинин фамилиясын, атын, атасынын атын;

- мыйзамдарга ылайык башка маалыматтарды.

3. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ушул берененин 4 - 4-2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коет жана ар бир жеке жактын-уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар) - жеке жак (жеке жактар) тарабынан түздөн-түз берилген учурда анын (алардын) колтамгасын нотариалдык милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. (Абзац КР 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:

- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча каттоо арызын;

- коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимди;

- коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колтамгасы коюлган эки нускадагы уставды;

- коммерциялык эмес уюмдун жетектөөчү органынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, шайланган кызматы көрсөтүлгөн тизмесин;

- коммерциялык эмес уюмду түзүүнү уюштуруучулардын тизмесин же фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен демилгечи-жарандардын (турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери үчүн) тизмесин.

Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары же демилгечилери болуп жеке жактар чыккан учурда, уюштуруучулардын тизмесинде же демилгечи-жарандардын тизмесинде уюштуруучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар же демилгечилер кол коёт, мында алардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу юридикалык жак болгон учурда, уюштуруучулар тизмесинде ар бир юридикалык жактын фирмалык аталышы жана каттоо (кайра каттоо) датасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеде юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы коюлат жана алардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир жеке жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ушул уюштуруучунун колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир юридикалык жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге уюштуруучу-юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлөт. 4-1. Финансы-кредиттик мекемени мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:

- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

- финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимин;

- финансы-кредиттик мекеменин жетекчисинин колтамгасы коюлган уставы эки нускада;

- финансы-кредиттик мекеменин бардык уюштуруучуларынын колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада.

Финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруучу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамгасын коет, мында жеке жакты уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 4-2. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз берүүчү каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;

- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн укуктук актыны;

- эки нускада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобону (уставды, регламентти);

- жетекчисин дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.

5. Арызды кабыл алган күндөн тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

- тапшырылган документтердин мазмунунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук фирмалык аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоонун датасын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

6. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

7. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы N 207, 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 35, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2013-жылдын 15-июлундагы N 142, 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-12)
