# 1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202621)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.05.2015 [Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111136); 18.12.2009 [Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""](https://aqlex.ai/kg/doc/203239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621#diff=1237781..1237782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4017/edition/1237773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202621/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө, 1-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо (мындан ары - каттоо) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети, ал юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестрине (мындан ары - мамлекеттик реестр) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат.

3. Ушул Мыйзамга ылайык, бардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн башка каттоо тартиби каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик каттоого жатат.

3-1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аныкталган мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана каттоого жатпайт.

4. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, билдирүү мүнөзүндө болот.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202621/st-2)
