# 9-берене. Декларацияланбаган салык, бажы милдеттенмелерине мунапыс берүүнүн тартиби

- Документ: [Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202618)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 254 "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2017 года № 88 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4014/edition/803638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202618/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө, 9-берене (24.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-9

---

1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенде, 2008-жылдын 31-декабрына чейин пайда болгон жана жоюлбаган бардык салык жана бажы милдеттенмелери, легалдаштыруу субъекттеринин айыптары, пайыздары, туумдары, эгерде алар мүлктү легалдаштыруу күнүнө чейин пайда болсо жоюлган болуп эсептелет жана ушул мүлктү легалдаштыруунун натыйжасы болуп саналат. Ушул мүлккө карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилгеленбөөсү керек.

2. Ушул берене 2008-жылдын 31-декабрына чейин салык жана бажы милдеттенмелерин декларациялабаган же жоюшпаган салык төлөөчүлөргө карата, ошондой эле салык салуу максатында агенттик иш милдеттерди аткаруучу жактарга карата колдонулат.

3. Ушул берене декларацияланган, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилген жана эсепке алынган, бирок жоюлбаган салык жана бажы милдеттенмелерине карата колдонулбайт.

4. Мамлекеттик бюджетке ашыкча төлөнгөн салык суммалары бар легалдаштыруу субъекттери кайтарып алуу укугун жоготушат, бирок ушул ашыкча төлөмдөр пайыздар, туумдар жана салык санкциялар боюнча карыздарды жоюунун эсебине эсептелиши мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай көзөмөлдөөчү органдарга (салык жана бажы органдарын кошуп алганда), ошондой эле укук коргоочу органдарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөргө карата текшерүүнүн кандай болбосун түрлөрүн (көзөмөлдөө, маалыматтарды сурап алуу, инспекциялоо) жүргүзүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-10)
