# 8-берене. Мүлктү легалдаштыруу процессинин башка катышуучуларынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202618)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 254 "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2017 года № 88 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4014/edition/803638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202618/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө, 8-берене (24.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-8

---

1. Легалдаштыруу субъекттеринен тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар каржы мекемелери (мындан ары - каржы мекемелери) мүлктү легалдаштыруунун катышуучулары болуп саналышат. Каржы мекемелери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мүлктү легалдаштыруу процессинде өз иштерин жана ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырышат.

2. Салык органдары, бажы органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлгө алуу жана жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы, укук коргоо органдары, башка мекемелер жана уюмдар легалдаштыруу процессине кыйыр тийешеси бар жактар катары таанылышат. Көрсөтүлгөн бийлик органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адамдарынын иш аракеттери ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келбөөсү же анын чегинен чыкпоосу керек.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган органдар мүлктү легалдаштырууда легалдаштыруу субъекттерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-9)
