4-берене. Легалдаштыруу субъекттерине мамлекеттик кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
1. Легалдаштыруу субъекттери 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү статьяларда каралган укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 180, 182, 200, 201, 202-1-статьяларында, 204-статьянын 1-бөлүгүндө, 208-215, 307, 309 жана 314-статьяларында;
2) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 9-1, 22, 23, 24, 24-1, 25, 26, 35, 35-3-главаларында;
3) салык, бажы мыйзамдарында, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарда;
2. Легалдаштыруу субъекттери - жеке адамдар ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат.
Легалдаштыруу субъекттери - юридикалык жактар ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган укук бузуулар боюнча жоопкерчиликтен бошотулушат. Мында легалдаштыруу субъекттеринин - юридикалык жактардын кызмат адамдары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган укук бузуулар боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
3. Мүлктү легалдаштыруу мезгилинде жана андан кийин легалдаштыруу субъекттеринин 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги каржы-чарбалык иштерине карата текшерүүнүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө тыюу салынат.
4. Мүлктү легалдаштыруу мезгилинде текшерүүлөрдүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө мораторий киргизилет.
5. Легалдаштыруу мезгили бүткөндөн кийин легалдаштырылган мүлккө карата текшерүүнүн кандай түрлөрүн болбосун жүргүзүүгө, процесстик, анын ичинде ушул Мыйзамга ылайык легалдаштыруу процессин жүргүзүүдө алынган маалыматтардын негизинде кылмыш-жаза куугунтугун же администрациялык жаза чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана легалдаштыруу процессинин башка катышуучулары мүлктү легалдаштыруу процессинде алынган маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуулары тийиш.
7. Легалдаштыруу процесси бүткөндөн кийин легалдаштыруу субъектисинин талабы боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган легалдаштыруу субъектисинин катышуусунда легалдаштыруу субъектисинин мурда берилген бардык салык декларацияларын жок кылууга милдеттүү.
8. Мамлекет легалдаштыруу субъекттерине төмөнкүлөрдү кепилдейт:
1) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык легалдаштырылчу мүлктөрдүн пайда болуу булактары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүдөн бошотууну;
2) легалдаштыруу процессинин бардык катышуучуларынын мүлктү легалдаштыруу субъекттерине тиешелүү купуялуулукту (жашырындуулукту) камсыз кылууларын;
3) легалдаштыруу субъекттерине карата кийин салык салууда кысым чаралары колдонулбасын;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүлктү легалдаштыруу боюнча аткарымдары тууралу маалыматтарды сотторго гана көрсөтүүсүн.
9. Ушул Мыйзамды колдонуудагы бардык карама-каршылыктар легалдаштыруу субъектисинин пайдасына чечмеленет.
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202618/st-4" title="4-берене - Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>