# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202618)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 254 "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2017 года № 88 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4014/edition/803638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202618/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө, 2-берене (24.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: Мүлктү легалдаштыруу - кирешени жашыруу максатында мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболонбогон болбосо тийешеси жок жакка жол-жоболонгон мүлккө укуктарды ыктыярдуу декларациялоого байланыштуу иш аракеттер. Мүлктү легалдаштыруу субъекттери (мындан ары - легалдаштыруу субъекттери) - мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштыруучу жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары (мамлекеттик ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди кошпогондо). Жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга легалдаштыруу жөнүндө декларацияны тапшырган күндөн тартып легалдаштыруу субъектисинин статусуна ээ болушат. Легалдаштыруу объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларацияланбаган, Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары да турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк. Кыймылдуу мүлк - акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валютада), транспорт каражаттары, легалдаштыруу субъектисинин ишканалардагы катышуу үлүштөрү, баалуу кагаздар, юридикалык жактардын активдери. Кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталчу кыймылсыз мүлк. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү легалдаштыруу жөнүндө документтерди кабыл алуучу жана жол-жоболоочу Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети. Легалдаштыруу мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган, анын аралыгында Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алчу мөөнөт. Легалдаштыруу жөнүндө декларация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формаларда легалдаштыруу фактысын ырастоочу документ.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202618/st-3)
