2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: Мүлктү легалдаштыруу - кирешени жашыруу максатында мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболонбогон болбосо тийешеси жок жакка жол-жоболонгон мүлккө укуктарды ыктыярдуу декларациялоого байланыштуу иш аракеттер. Мүлктү легалдаштыруу субъекттери (мындан ары - легалдаштыруу субъекттери) - мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштыруучу жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары (мамлекеттик ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди кошпогондо). Жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга легалдаштыруу жөнүндө декларацияны тапшырган күндөн тартып легалдаштыруу субъектисинин статусуна ээ болушат. Легалдаштыруу объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларацияланбаган, Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары да турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк. Кыймылдуу мүлк - акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валютада), транспорт каражаттары, легалдаштыруу субъектисинин ишканалардагы катышуу үлүштөрү, баалуу кагаздар, юридикалык жактардын активдери. Кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталчу кыймылсыз мүлк. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү легалдаштыруу жөнүндө документтерди кабыл алуучу жана жол-жоболоочу Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети. Легалдаштыруу мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган, анын аралыгында Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алчу мөөнөт. Легалдаштыруу жөнүндө декларация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формаларда легалдаштыруу фактысын ырастоочу документ.
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202618/st-2" title="2-берене - Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>