# КР 2009-жылдын 10-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 10-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4010/edition/1119541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 10-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202614

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2009-жылдын 10-январы № 5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202614/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жыл, 22-октябрь, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен то-

лукталсын: "8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү та- мак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын, 3 жылдык мөөнөткө. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

2. 239-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кыз- мат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануу- дан тышкары) берүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме бо- юнча 3 жылдык мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсепте- лет.".

3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 255-1-берене менен толукталсын:

"255-1-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр

Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр КНС төлөөдөн бошотулган бе- рүүлөр болуп эсептелет."

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202614/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла- йык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202614/st-3)

Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 1 жана 2-пункттары ишканалардын тизме- си жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери, ошондой эле товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген күндөн тартып 3 жыл бою колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
