# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-январындагы №3 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-январындагы №3 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4006/edition/515785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-январындагы №3 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"мыйзамы (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202610

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2009-жылдын 10-январы № 3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын кодексине

толуктоолорду киргизүү тууралуу

2008-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202610/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын

кодексинин жањы редакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Рес-

публикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-

сы, 1999-ж., № 9, 436-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 58-берененин 3-пункту "15-жылдан кем эмес жашаган" деген сөз-

дөрдөн кийин "чет мамлекеттин жарандыгы жок" деген сөздөр менен толук-

талсын.

2. 69-берененин 1-пункту "Кыргыз Республикасынын жараны" деген

сөздөрдөн мурда "чет мамлекеттин жарандыгы жок" деген сөздөр менен то-

лукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202610/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
