# КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4003/edition/457354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202607

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2009-жылдын 26-январы № 29

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202607/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толук-

тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 13-пунктчасындагы "чарба жерлери-" деген сөздөрдөн

кийин "жайыттарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.".

3. 13-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-

яндалсын:

"2) жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тарти-

бин белгилөө;".

4. 15-статьянын 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

5. 17-статьянын 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

6. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-

талсын:

"6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын са-

лык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жа-

йыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна

жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт

пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.".

7. 30-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

8. 32-статьянын 2-пунктундагы "жерлери" деген сөздөн кийин ", жай-

ыттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202607/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
