# 8-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202600)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 января 2010 года № 17 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600#diff=1119556..1119557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3996/edition/1119556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202600/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө, 8-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-8

---

1. Мамлекет өлкөнүн мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдейт.

2. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери өз кызматтык иш-аракетин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон учурда анын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагы адамдарга, камсыздандыруу суммасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, курман болгон адамдын жылдык орточо жыйырма эмгек акысынын өлчөмүндө республикалык бюджеттен бир жолку жөлөкпул берилет.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ал кызмат милдеттерин аткарып жатканда дене-бойлук залалдар келтирилгенде жана ал майыптыкка алып келген учурда бир жолку жөлөкпул эмгекке жарамдуулукту жоготууну жана майыптыкты эсепке алуу менен, бирок төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес өлчөмдө төлөнүп берилет:

- I топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык он орточо эмгек акысынын өлчөмүндө;

- II топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык беш орточо эмгек акысынын өлчөмүндө;

- III топтогу майып болгон учурда - жабыр тарткандын жылдык үч орточо эмгек акысынын өлчөмүндө.

3. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин кызматтык милдеттерине байланыштуу анын (же анын жакын туугандарынын) мүлкүнө келтирилген зыян толук көлөмдө республикалык бюджеттен төлөнүп берилет, бул сумма кийин күнөөлүү адамдардан өндүрүлүп алынат.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-9)
