# 6-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202600)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770); 14.11.2014 [Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205373); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 2 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205222); 29.01.2010 [Закон КР от 29 января 2010 года № 17 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600#diff=1119562..1119563>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3996/edition/1119556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202600/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө, 6-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-6

---

1. Атайын наам - кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чектеринде ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин жана мурдагы атайын наамдагы жана мамлекеттик кызмат ордун ээлегендеги мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарын эске алуу менен ар бир кызматкерге ишин баалоонун натыйжалары боюнча жекече ыйгарылуучу наам.

2. Атайын наамдар мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ээлеген кызмат орундарына ылайык ыйгарылат.

3. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар биринчи жана кезектеги наамдарга бөлүнөт.

4. Жаңы кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам кызматка кирген күндөн тартын бир жылдан кийин гана ишин баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылат, ага сынак мөөнөтү да кирет.

Мамлекеттик кызматкерди салык кызматынын 3-рангдагы жана андан жогорку атайын наам ыйгаруу каралган улук же башкы администрациялык кызматка дайындоодо, салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн.

5. Салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчисинин атайын наамдары ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы атайын наамдагы мамлекеттик кызматтын узактыгын эске албастан ыйгарылышы мүмкүн.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды ыйгаруу ушул берененин 13-пунктунда каралган учурлардан тышкарыда мурдагы атайын наамда болуунун мөөнөтү өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

6. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине эң өзгөчө учурларда анын кесиптик сапаттарын мамлекеттик бийлик органдарындагы ишинин стажын эске алуу менен кызматтык милдеттерин аткаруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн колдоо көрсөтүү тартибинде бир жолу кезектеги атайын наам:

1) мурдагы наамдагы иштөөсүнүн бир жылдык мөөнөтү аяктагандан кийин бирок ээлеген кызматына ылайык атайын наамдан жогору эмес кезектеги атайын наам;

2) атайын наамдагы иштеген мөөнөтү аяктагандан кийин өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ээлеген кызматына ылайык атайын наамдан бир баскыч жогору атайын наам ыйгарылышы мүмкүн.

7. Окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ээлеген кызматына ылайыктуу атайын наамдан бир баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгарылат.

8. Кезектеги атайын наам мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине мурдагы наамдагы белгиленген иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин же ээлеген кызматына ылайык атайын наамдан бир баскычка жогорку наам ал салык кызматында иштеген бардык мезгил ичинде ушул берененин 4-пунктуна ылайык ыйгарылышы мүмкүн, бирок ал эки жолудан ашпайт.

9. Мамлекеттик салык кызматына белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынган (негизги кызматкер жок мезгилге карата) кызматкерлерине атайын наамдар ыйгарылбайт.

10. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наамы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында бекитилген өлчөмдөрдө кызматтык маянасына ай сайын кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.

11. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү жана сыйлык берүү атайын наам үчүн тийиштүү кошумча акыны эске алуу менен жүргүзүлөт. Эмгеги үчүн компенсациянын айкын ачык өлчөмдөрү атайын наам үчүн кошумча акыны эске алуу менен белгиленет.

12. Мамлекеттик салык кызматынын дисциплинардык жаза-чара алган кызматкерлерине, ошондой эле өздөрүнө карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же жазык иши козголгондорго атайын наам ыйгарылбайт.

13. Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамын ыйгаруу, андан ажыратуу, андан төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт. Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын наамы ишин баалоону жүргүзбөстөн ыйгарылат.

14. Салык кызматынын кенже инспекторуна, 3, 2 жана 1-рангдагы салык кызматынын инспектору, салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдарын ыйгаруу, андан ажыратуу, андан төмөндөтүү аймактык салык кызматынын жетекчилеринин, башкармалыктардын башчыларынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын, мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын сектор башчыларынын сунушу боюнча статс-катчынын жана борбордук органдын жетекчисинин тескөөчү орун басарларынын макулдугу менен мамлекеттик салык кызматынын борбордук органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ээлеген кызмат ордуна ылайык төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:

Кызмат орду

Атайын наам

Адепкиси

Салык кызматынын кенже инспектору

Аймактык органдардынинспекторлору, адистери

Салык кызматынын 3-рангдагы инспектору

Борбордук аппараттын инспекторлору, адистери

Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору

Аймактык органдардынулук инспекторлору, жетектөөчү адистери

Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору

Борбордук аппараттын улук инспекторлору, жетектөөчү адистери

Салык кызматынын 1-рангдагы инспектору

Аймактык органдардынбашкы инспекторлору, башкы адистери

Салык кызматынын 1-рангдагы инспектору

Борбордук аппараттын жетекчисинин жардамчысы, сектор башчылары, башкы инспекторлору, башкы адистери

Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси

Аймактык органдардынбөлүм башчылары, сектор башчылары

Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси

Борбордук аппараттын жетекчисинин кеңешчиси, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, башкармалыктын курамындагы бөлүмдөрдүн башчылары, өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын орун басарлары

Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси

Аймактык органдын башчыларынын орун басарлары

Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси

Борбордук аппараттын башкармалыктарынын башчылары, өзалдынча бөлүмдөрүнүн башчылары

Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси

Аймактык органдардын башчылары

Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси

Борбордук аппараттын жетекчисинин орун басары

Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси

Статс-катчы

Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси

Жетекчи

Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси

16. Ар бир атайын наамда болуунун мөөнөттөрү төмөнкүлөрдү түзүшү керек:

1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;

2) салык кызматынын 3-рангдагы инспектору - 2 жыл;

3) салык кызматынын 2-рангдагы инспектору - 3 жыл;

4) салык кызматынын 1-рангдагы инспектору - 4 жыл;

5) салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси - 5 жыл;

6) салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси - 6 жыл.

Атайын наамда болуунун мөөнөттөрү атайын наам ыйгарылганы жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин атайын наамында болуунун мөөнөтү ушул пункттун онунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт. "Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын наамы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат. "Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.

17. Тартип жазасына тартылган (оозеки жарыялангандарды кошпогондо) же болбосо аларга карата жазык иши козголгон же кызмат тартибин бузгандыгынын фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине карата кезектеги атайын наамды ыйгарууга сунуштама ошол тартиптик жаза алынганга же жазык иши кыскартылганга же кызматтык текшерүү аяктаганга чейин берилбейт.

Салык органынын жетекчиси атайын наамда иштеген мөөнөтү өткөндөн кийин кызматкерлерге кезектеги атайын наамды өз убагында ыйгаруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу негизсиз кечиктирилген учурда салык органынын жетекчиси жекече тартиптик жоопкерчилик тартат.

18. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка өткөн учурда ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылган атайын наамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын класстык чиндер жана атайын наамдар менен өз ара катышта сакталат.

Салык кызматында 10 жылдан кем эмес иштеген мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине пенсияны эсептеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө атайын наамы боюнча тиешелүү маяналары эсепке алынат. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери төмөндөгүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн:

- ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү болсо;

- мамлекеттик кызматчы наамынын баркын кетиргендигине байланыштуу жумуштан бошотулса;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда.

Атайын наамдын баркын кетиргендигине байланыштуу кызматынан бошотулган мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кайра өз ордуна калыбына келтирилген учурда анын мурдагы атайын наамы да калыбына келтирилет. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызматтык парзын одоно бузгандыгы, жосунсуз жорук жасагандыгы, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн анын атайын наамы ал ээ болгон наамдан ылдыйкы бир наамдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар адамдар мамлекеттик салык кызматы органдарына өткөндө, ишин баалоону жүргүзбөстөн, ошол аскердик же атайын наамга, атайын класстык чинге, дипломатиялык рангга ылайык атайын наам ыйгарылат.

19. Атайын наамдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана алардан ажыратуу жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин өздүк делосуна жазылат.

20. Атайын наам мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-7)
