# 5-берене. Мамлекеттик салык кызматы органдарында кызмат өтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202600)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770); 29.01.2010 [Закон КР от 29 января 2010 года № 17 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600#diff=1119562..1119563>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3996/edition/1119556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202600/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө, 5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-5

---

1. Мамлекеттик салык кызмат органдарына финансылык, экономикалык жогорку билими жана квалификациялык талаптарга ылайык келген башка жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында кесиптик иш-тажрыйбасы болбогон адамдар стажировкадан өтүшөт.

Стажировкадан өтүүнүн тартиби жана шарттары мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

2. Салык кызматы органдарынын кызматкерлерине карата ишти баалоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик салык кызматы органдарындагы кызматты башка уюмдардагы, мекемелердеги жана ишканалардагы иш менен айкалыштырууга, ошондой эле ишкердик иш жүргүзүүгө, педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерди кошпогондо, жол берилбейт.

4. Мамлекеттик салык кызматында соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан, жазык кылмышы үчүн мурда соттолгон адамдар иштөөсү мүмкүн эмес.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 37 мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-6)
