# 1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202600)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111770); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 20.02.2013 [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 26 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203833); 29.01.2010 [Закон КР от 29 января 2010 года № 17 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной налоговой службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600#diff=1119562..1119563>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3996/edition/1119556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202600/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары (мындан ары - мамлекеттик салык кызматы органдары) - салык мыйзамдарынын сакталышына, салыктардын туура эсептелишине жана өз убагында төгүлүшүнө контролдукту камсыз кылуу, салык төлөөчүлөргө салык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жеке ишкерлер катары жеке жактарды каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка функциялардын талаптарына ылайык аткаруу боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын аткарууну жүзөгө ашыруучу салык органдарынын бирдиктүү системасы.

2. Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары түзөт.

- (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

- (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

- (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

- (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

- (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

Ыйгарым укуктуу салык органынын өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрү (өкүлдөрү) болушу мүмкүн Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы өкүлчүлүктөрдүн ишинин айкын-ачык укуктук нормалары жана уюштуруучулук негиздери, функциялары жана каражат түзүү булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Ыйгарым укуктуу салык органынын алдында салык ишиндеги адистерди даярдоону, кайра даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу окуу борбору иштейт. Окуу борборунун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери, функциялары жана каражаттарды түзүү булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

3. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийет.

4. (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

7. Мамлекеттик салык кызматын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу төрага жетектейт.

8. Мамлекеттик салык кызматы органдары юридикалык жактар болуп саналышат, алардын өз алдынча чыгымдар сметасы, казыналык системасындагы эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары, бурч штамптары болот.

9. Мамлекеттик салык кызматынын желеги жана символдук белгилери болот, алардын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 17, 2013-жылдын 20-февралындагы № 26, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202600/st-2)
