# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202599)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 13-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3995/edition/457297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202599/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө, 8-берене (20.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин 2009-жылга чыгашаларын каржылоо жана 2010-2011-жылдарга божомол камсыздандыруу төгүмүнүн жана башка булактардын эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин. Мурунку финансылык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдарына каралган пайдаланылбай калган каражаттарын колдонуу укугу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө түзүлөөрү жана чыгымдалары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессинде төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:

- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын № 1 жана 2-тиркемелерине өзгөртүү киргизүүгө;

- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө.

Киргизилүүчү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-9)
