8-берене
Күчүндө · 20.11.2009 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин 2009-жылга чыгашаларын каржылоо жана 2010-2011-жылдарга божомол камсыздандыруу төгүмүнүн жана башка булактардын эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин. Мурунку финансылык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдарына каралган пайдаланылбай калган каражаттарын колдонуу укугу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө түзүлөөрү жана чыгымдалары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессинде төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын № 1 жана 2-тиркемелерине өзгөртүү киргизүүгө;
- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө.
Киргизилүүчү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
Берененин тексти 20.11.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202599/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>