# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202599)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 13-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2009
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 300 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2009 год и прогнозе на 2010-2011 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202599#diff=457297..457298>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3995/edition/457297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202599/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө, 4-берене (20.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2009-жылга 2395,1 млн. сом суммасында, 2010-жылга божомол - 2427,9 млн. сом суммасында, 2011-жылга - 2729,0 млн. сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде: аскер кызматкерлеринин пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандырууга 2009-жылга - 504,1 млн. сом, 2010-жылга божомол - 503,1 млн. сом, 2011-жылга - 548,3 млн. сом: пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн) жана майыптардын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана башкалардын пенсияларына үстөктөр 2009-жылга - 1364,7 млн. сом, 2010-жылга божомол - 1218,2 млн. сом, 2011-жылга - 1362,3 млн. сом; пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө 2009-жылга - 598,2 млн. сом, 2010-жылга божомол - 706,6 млн. сом, 2011-жылга - 818,4 млн. сом. (КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 300 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202599/st-5)
