# 9-берене. Каттоо

- Документ: [Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти](https://aqlex.ai/kg/doc/202598)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 18 мая 2012 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Общий технический регламент Кыргызской Республики по безопасности наземных транспортных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/203661)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598#diff=629292..629293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3994/edition/629292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202598/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти, 9-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-9

---

Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн учурларды кошпогондо. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Каттоо жөнүндө күбөлүк жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

- тиби, маркасы/модели;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

- чыгарылган датасы;

- сериялык номери же шассисинин башка идентификациялык белгиси;

- өңү;;

- техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө башка белги);

- каттоо датасы;

- каттоо органы;

- каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги);

- ээси/эксплуатант (аты-жөнү/уюмдун аталышы).

Жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү, эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээси/эксплуатанты кайра катталган же алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга жол берилет. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-10)
