# 6-берене. Утилдештирүүгө карата талаптар

- Документ: [Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти](https://aqlex.ai/kg/doc/202598)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3994/edition/629292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202598/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти, 6-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-6

---

1. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын утилдештирүү ал процесстин жана анын кесепеттеринин адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана чөйрөнүн абалынын коопсуздугун камсыз кылуучу утилдештирүүнүн жол-жоболорунун белгиленген техникалык регламенттерине ылайык утилдештирүү боюнча ишкана же уюм тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатын утилдештирүү төмөнкү методдор боюнча жүзөгө ашырылат:

- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу карагандан башка максатта жерде жүрүүчү транспорт каражаты пайдаланылышы мүмкүн болгон шартта жерде жүрүүчү транспорт каражатынын багытын өзгөртүү менен башка багыт боюнча пайдалануу;

- кайра иштетүү, анын натыйжасында энергия, сырье жана/же башка материалдарды алуу болуп эсептелет;

- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу жактан каралган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын касиетин жана белгисин жоюу;

- көмүп салуу, мында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына кокустан же санкцияланбастан жетүүгө жол берилбейт жана көмүлүп салынган жерлер кандайдыр бир максатта пайдаланылган учурларда кандайдыр бир тоскоолдуктар же болбосо адамдардын өмүрү же айлана-чөйрө үчүн коркунуч түзүлбөйт.

3. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын көмүү аркылуу утилдештирүүгө башка жол менен аны утилдештирүү мүмкүн эмес же максатка ылайык эмес болгон учурда жол берилет. Радиоактивдүү, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка заттар же буюмдарды камтыган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын көмүү, бөлүнүү жана реакцияга кирүү продуктуларынын атмосферага болгон таасирин четтеткен, бул үчүн атайын бөлүнгөн жана даярдалган жерде жүзөгө ашырылат.

4. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын таштандыларын утилдештирүүнүн алдында аны утилдештирүү процессинде жарылуунун, өрт чыгуунун, радиоактивдүү нурлануу, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка продуктулардын, ошондой эле ар түрдүү ушул сыяктуу коркунучтун пайда болушунун алдын алуучу тиешелүү даярдык көрүүчү иштер аткарылат. Бул максаттарга кеминде төмөнкүлөр зарыл болот:

- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын бардык энергия же азыктандыруу булактарынан өчүрүү, анын ичинде компоненттердин конструкциясына жараша чыңалуу бар болгон компоненттеринен калдык чыңалууну жоюу;

- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын курамындагы өз алдынча кыймылдоочу тетиктерин алып салуу;

- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын курамындагы жарылуучу жана жеңил өрттөнүүчү тетиктерди же заттарды алып салуу;

- дем алганда адамдын өмүрүнө же ден соолугуна же жаратылышка терс таасирин тийгизген буулануучу заттарды жана арабөк абалдагы бардык заттарды же материалдарды алып салуу;

- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын системасындагы басымды айлана-чөйрөнүн же утилдештирүү жүргүзүлүп жаткан чөйрөнүн басымына келтирүү;

- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кайсы бир тетигиндеги температураны жол берилген коопсуздук температурасына чейин жеткирүү.

5. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын утилдештирүү, ошондой эле утилдештирүүдө пайда болгон калдыктарды иштетүү тартиби, мындай иш-чаралардын жана алардын кесепетинин коопсуздугун камсыз кылуучу техникалык регламенттерде белгиленген жол-жоболорго, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана/же өндүрүш калдыктарын иштетүүнү жана утилдештирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-7)
