# 2-берене. Пайдалануучу терминдер

- Документ: [Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти](https://aqlex.ai/kg/doc/202598)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 18 мая 2012 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Общий технический регламент Кыргызской Республики по безопасности наземных транспортных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/203661)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598#diff=629292..629293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3994/edition/629292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202598/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти, 2-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-2

---

Арыздануучу - арызы боюнча ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылуучу жеке же юридикалык жак. Конструкцияны өзгөртүү - ар түрдүү техникалык же эксплуатациялык мүнөздөмөнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын конструкциясынын өзгөрүшү. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын категориялары:

- L категориясы - эки же үч дөңгөлөктүү мотору бар жерде жүрүүчү транспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер);

- М категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жерде жүрүүчү транспорт каражаттары;

- № категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүк ташууга арналган жерде жүрүүчү механикалык транспорт каражаттары;

- О категориясы - чиркегичтер жана жарым чиркегичтер;

- Т категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү дөңгөлөктүү же каз тамандуу, кеминде эки огу бар, алардын иштеши негизинен тартуу кубаттуулугуна көз каранды жана чиркеп жетелөө, түртүү, ташуу же тийиштүү ылайыктамаларды же жабдууларды, машиналарды же чиркегичтерди кыймылга келтирүү үчүн арналган, айыл же токой чарбасында пайдалануу үчүн арналган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай тракторлор жүктөрдү жана адамдарды ташуу үчүн ыңгайлаштырылышы мүмкүн;

- атайын арналыштагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары - атайын компановкалоону же жабдууну талап кылуучу атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган М, № же О категориясындагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары;

- G категориясы - М жана № категориясындагы жол тандабай жүрүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражаттары.

Компонент - запас тетиктерди кошкондо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын корпусуна, анын конструкциясына ылайык орнотулган кандай болбосун агрегат, бөлүк же жабдык. Жерде жүрүүчү транспорт каражаты - жерде жүрүүчү трактор жана өзү жүрүүчү техникалык машиналар менен бирге жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ылайыкташкан транспорттук каражат. Темир жолдо жүрүүчү, ошондой эле кубаттуулукту стационардык булактан алуучу электрдик кыймылга келтирүү менен транспорттук каражаттар (троллейбустар) жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына кирбейт. Типти жактыруу - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын конструкциясынын иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген конструкцияга карата тибинин белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоо. Аккредитациялоо боюнча орган - аккредитациялоону өткөрүүчү ыйгарым укуктуу орган. Таануу - ылайыктуулугун баалоонун башка мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн жыйынтыгын туура деп табуу. Каттоо жөнүндө күбөлүк - жерде жүрүүчү бул транспорт каражаты ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү түрдө катталганын күбөлөндүргөн документ. Техникалык кароо - транспорт каражатын кароо, анын техникалык документтерин текшерүү жана зарыл учурларда ушул жерде жүрүүчү транспорт каражатын текшерүү жана/же сыноо аркылуу, техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарында белгиленгенге ылайык комплекттелишин же тиешелүү жабдыктар, документтер жана коопсуздук каражаттар менен камсыздалгандыгын белгилөөчү жол-жобо. Утилдештирүү - жерде жүрүүчү транспорт каражатын башка багыт боюнча пайдалануу, кайра иштетүү, жок кылуу, көмүү же аны колдонуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же анын конструкциясында аныкталган багыты боюнча пайдалануудан тышкары, аны кандай болбосун максаттарда коопсуз пайдаланышын камсыз кылган учурдагы абалга келтирүү. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-3)
