# 13-берене. Регламентти бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти](https://aqlex.ai/kg/doc/202598)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3994/edition/629292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202598/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти, 13-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-13

---

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, мындай жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин, эксплуатантынын, иштеп чыгаруучунун, жасоочунун, сатуучунун, берүүчүнүн же ага карата кайсы бир башка жактын жоопкерчилиги ушул Регламент, ошондой эле башка мыйзамдар жана ушундай учурда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Типти жактыруучунун ээси:

- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугу үчүн ички контроль системасынын бар болушун камсыз кылат;

- ар бир транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугун текшерүү үчүн зарыл болгон контролдоочу жабдууларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ;

- сыноолордун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды каттоону жана тиркелген документтердин 10 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылат;

- өнөр жай өндүрүшүнүн шарттарында жол берилүүчү четтөөлөрдү эске алуу менен жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын туруктуу мүнөздөмөлөрүн текшерүү жана камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн сыноонун ар бир тибинин жыйынтыктарын талдайт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202598/st-14)
