13-берене. Регламентти бузгандык үчүн жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, мындай жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин, эксплуатантынын, иштеп чыгаруучунун, жасоочунун, сатуучунун, берүүчүнүн же ага карата кайсы бир башка жактын жоопкерчилиги ушул Регламент, ошондой эле башка мыйзамдар жана ушундай учурда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Типти жактыруучунун ээси:
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугу үчүн ички контроль системасынын бар болушун камсыз кылат;
- ар бир транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугун текшерүү үчүн зарыл болгон контролдоочу жабдууларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ;
- сыноолордун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды каттоону жана тиркелген документтердин 10 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылат;
- өнөр жай өндүрүшүнүн шарттарында жол берилүүчү четтөөлөрдү эске алуу менен жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын туруктуу мүнөздөмөлөрүн текшерүү жана камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн сыноонун ар бир тибинин жыйынтыктарын талдайт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-13" title="13-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>