# 8-берене. Прокурорлордун мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 8-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-8

---

1. Башкы прокурор, анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, алардын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Областтын, шаардын, райондун прокурору, ага теңештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегиясынын жыйналыштарына, тийиштүү жана төмөнкү деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарына катышууга укуктуу.

3. Прокурор, анын орун басары, ошондой эле алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор алар киргизген сунуштарды жана каршылык билдирүүлөрдү соттордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын кароосуна катышууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-9)
