# 7-берене. Прокурордун аракеттерине жана прокурордук чара көрүү актыларына даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 7-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-7

---

1. Прокурордун аракеттери жана прокурордун чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүүнүн талаптарына жана актыларына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.

2. Сот же болбосо жогору турган прокурор прокурордук чара көрүү аракеттерине же актыларына даттануу боюнча чечим чыгарууга чейин алардын аткарылышын токтото турушу мүмкүн.

3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын жокко чыгарышы же болбосо кайра чакыртып алышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-8)
