# 63-берене. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 63-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-63

---

1. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу борборлоштурулган тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алардын аймагында жайгашкан прокуратура органдарын тийиштүү кызматтык жайлар менен акысыз камсыз кылууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, прокуратура органдарына: а) кылмыш иштер боюнча соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, сатылган мүлк жана башка баалуулуктардан; б) мамлекетке келтирилген зыяндын жана ордун толтурган суммадан алынган акча каражаттарынын 30 %, анын ичинде чет элдик валютада алуу укугу берилет:

- кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө;

- прокурордун укуктук актылары боюнча;

- соттун чечими менен прокурордун доо арызы боюнча.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-64)
